Бишкекте адам өлүмү менен аяктаган окуяга байланыштуу патрулдук милициянын бир кызматкери камалды. Жума күнү кечинде жолдогу араздашууда милициянын патрулдук инспектору айдоочуга ок чыгарган жана ал жаран ошол жерде каза тапкан. Кылмыш ишин Улуттук коопсуздук комитети териштире баштады.

Бишкек милициясынын маалыматына караганда, окуя 27-августта, кечки саат тогуздан өткөндө Жибек-Жолу жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Айзада Кубатованын “Азаттыкка” билдиришинче, милициянын огунан жараат алган жаран ошол жерде каза тапкан.

“1989-жылы туулган А. Ч аттуу жаран милициянын кайгуул кызматынын Д.Ж. аттуу кенже инспекторунун огунан көкүрөгүнө ок тийип жараат алган. “Тез жардам” бригадасы жарадар болгон адамга биринчи жардам көрсөтүп жана реанимациялык иш-чараларды жүргүзүшкөн, бирок алган жараатынан улам эсине келбей каза болгон. Аталган окуя Свердлов районунун ички иштер бөлүмүнүн маалымат каттоо журналына катталган”.

Мунун алдында шаардык милиция араздашууда “айдоочу кызматкердин табелдик куралын тартып алууга аракет кылган жана тапанча кокусунан атылып кеткен” деген мазмунда билдирүү тараткан, бирок көп өтпөй эле социалдык тармактарда кызматкер өзү ок чыгарганы тартылган тасма тарады.

By admin

Leave a Reply

Your email address will not be published.