Тажик президенти Эмомали Рахмон Ооганстанда бардык этностордун кызыкчылыгын камтыган өкмөт куралбаса, Тажикстан “Талибанды” тааныбай турганын жарыялады. Батыш өлкөлөрү Кабул аэропортунда террордук чабуул болушу мүмкүндүгүн эскертип, Ооганстандагы өз жарандарын аба майдандан оолак болууга чакырды.

Анын бул айтканы Ооганстандын түндүгүндөгү талибдерге каршылык көрсөтүү кыймылынын билдирүүсү менен үндөштү. Ооган тажиктерине болушкан Рахмондун бул туруму “Талибанды” колдоп жаткан Москванын кызыкчылыгына каршы келбейби” деген талкууга жем таштады. Бирок саясат талдоочулар Рахмондун кадамы Кремль менен макулдашылганын, Москва Ооганстандагы тирешкен эки тарап менен тең “ойноп” жатканын белгилешүүдө.

Рахмондун талабы, Москванын карааны, геосаясий жүрүштөрү

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон ушул аптада Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Курайши менен Дүйшөмбүдө жолугушкан учурда ооган өкмөтүнө башка этникалык топтордун өкүлдөрү киргизилбесе, аны тааныбастыгын айтты. Ал жаңы өкмөттү түзүүдө башка улуттардын, өзгөчө, ооган тажиктеринин кызыкчылыгы эске алышы керек деген маселе көтөргөнүн президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

By admin

Leave a Reply

Your email address will not be published.