Улукбек Марипов Төө-Ашуу ашуусунун түштүк тарабынан Бишкек-Ош жол тилкесиндеги оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.24.KG маалымдагандай, министрлер кабинетинин башчысы эл аралык транспорттук коридордун стратегиялык маанисин белгилеп, курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды. Ал трассада жол коопсуздугун камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.«Жолдун бөлүгүнө асфальт -бетон төшөлүп жатат. Аба ырайы ыңгайлуу болгон учурда курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын башында аяктайт. Алар үчүн республикалык бюджеттен 165 миллион сом каралган », – деп билдирди КРнын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

By user

Leave a Reply

Your email address will not be published.