Бишкекте окуу жылында жол кырсыгынын алдын алуу максатында патрулчулар мектеп окуучуларына жол эрежелерин үйрөтүү максатында Свердлов районунда жайгашкан №16, №10 орто мектептеринде болушту.KNIA KABAR шаардык патрулдук милицияга шилтеме берүү менен билдиргендей, сабак учурунда окуучуларга жолдо абайлап жүрүү, мектепке барганда жол эрежелерин сактоо жана жөө жүрүүчүлөр тилкесинен өтүүдө этият болуу эскертилген.Сабак башталгыч класстын окуучулары үчүн жол эрежелери боюнча практикалык жана теориялык сабактар менен коштолду.Бишкекте 101 билим берүү мектеби бар, алардын ар биринде коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыздоо үчүн офицердик корпустун Патрулдук милиция кызматкерлери бар.

By user

Leave a Reply

Your email address will not be published.