Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Ош облусунун Чоң-Алай районунда Кичи жана Чоң Памирден келген этникалык кыргыздар үчүн жаңы шаардын курулушуна капсула салды. Ушул жылдын апрель айында президент Памирде калган ооган кыргыздарын көчүрүү керек болгон бул жерге турак жайларды куруу долбоору менен таанышып, тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берген.KNIA KABARнын маалыматы боюнча, Кашка-Суу айылындагы Бурган-Суу участкасынын 30 га жери жеке турак жайларды жана социалдык объектилерди куруу үчүн трансформацияланган. Турак үйлөрдү, 275 орундуу жалпы билим берүүчү мектепти, саламаттыкты сактоо мекемелерин жана башка социалдык объектилерди куруу пландалууда.Келечекте бул жерге памирлик кыргыздар ыңгайлуу шартка ээ болуп жашашы үчүн 300-400 үй курулат.

By user

Leave a Reply

Your email address will not be published.