Баткен районунда Максат жана Жаштык айылдарына суу түтүктөрүн куруу боюнча келишим түзүлдү.Жалпы узундугу 32 километр болгон эки айылга суу түтүктөрүн тартуу пландалууда. Курулуш иштери аяктагандан кийин 4,5 миң адам таза суу менен камсыз болот.24.KG билдиргендей, бул айылдардын жашоочуларын ичүүчү суу менен камсыздоо АРИСтин «Айылдарды суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу» долбоорунун алкагында ишке ашат. Долбоор Баткен районунун 44 айылын камтыйт.”Айылдарды суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу” долбоору АРИС тарабынан Баткен, Талас жана Жалал-Абад облустарынын 86 айылында ишке ашырылууда.

By user

Leave a Reply

Your email address will not be published.