#бишкек#турнир#29 -сентябрда Бишкекте Спорт Ордосунда Кыргыз күрөш федерациясынын кубогу үчүн эл аралык турнир өтөт. Мелдешке Кыргызстандан 500гө жакын балбан катышат, Казакстан, Өзбекстан жана Иран баш болгон тогуз мамлекеттин спортчулары да арыз тапшырышты.24.KG билдиргендей, катышуучулар байгеге коюлган эки унаа үчүн таймашат. Кирүү бардык каалоочулар үчүн акысыз.

By user

Leave a Reply

Your email address will not be published.